Валентина Шевченко тайбокстун WKL версиясы боюнча Дүйнө чемпиону аталды

Тайбоксчу Валентина Шевченко тайбокс боюнча WKL версиясы боюнча Дүйнө чемпиону аталды. Бул тууралуу КРнын тайбокс федерациясы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал 1-декабрда аргентиналык Мария Руссону упай эсебинде утуп, WKL версиясы боюнча карьерасында биринчи жолу Дүйнө чемпиону аталды.  Негизи мелдеш ар бир раунд 3 мүнөттү камтыган 5 раундга созулду.

Эскерте кетсек, учурда Перуда жашап, ошол мамлекеттин желеги астында мелдештерге катышып жаткан Валентина Шевченко түрдүү категориялар боюнча Дүйнө чемпиондугун 14-ирет утту. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан