Кыргыз спортчусу Абдурахман Муртазалиев АКШнын Алабама штатында өткөн Дүйнөлүк оюнда жиу-житсу боюнча күмүш байге утту.
Финалда кыргыз спортчусу БАЭнин спортчусу менен кез келип, 0:0 эсебинде тең чыккан. Бирок калыстар жеңишти БАЭнин сопортчусуна ыйгарган.
Дүйнөлүк оюндар олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча өткөрүлөт. Быйыл АКШда өтүп жаткан Дүйнөлүк оюндар 11-жолу өткөрүлүүдө.