Футбол: Роберт Левандовский "Барселона" клубуна өттү

Польшалык чабуулчу Роберт Левандовский Германиянын "Бавария" клубунан Испаниянын "Барселона" футболдук клубуна өттү. Мындай маалымат мюнхендик клубдун расмий сайтында жарыяланды.

33 жаштагы футболчу жакын арада медициналык текшерүүдөн өтүп, "Барселона" клубу менен үч жылга келишим түзөт. Ошондой эле испаниялык клуб эки сезондон кийин футболчу менен келишимди жокко чыгара ала турганы айтылды. Левандовский каталондук клубга Польшадан келген биринчи оюнчу болуп калат.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматы боюнча, "Бавария" Левандовский үчүн 50 миллион евро алат. Ал эми чабуулчунун өзү жаңы клубунда жылдыздардын стандарттары боюнча салыктарды кошкондон кийин жылына 14 жарым миллион евро табат.

Буга чейин мюнхендик клуб Левандовскийдин ордуна "Ливерпуль" клубунун чабуулчусу Садио Мане менен келишим түзгөн. "Бавария" чабуулчуну 32 миллион еврого сатып алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан