Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча спортчусу Денис Петрашов Израилде өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, 12-июлдан 26-июлга чейин Израилде төрт жылда бир өтүүчү "Маккабиада" эл аралык мелдеши өтүп жатат. Анда кыргыз спортчусу 200 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзүп, 1-орунду багындырды.
Белгилей кетсек, "Маккабиада" эл аралык мелдешине спорттун 42 түрүнөн 60 өлкөнүн 10 миңден ашуун спортчусу катышууда.