Футбол боюнча Испаниянын чемпиондугунун мыктылары аныкталды. Бул тууралуу испаниялык басылмалар бүгүн, 3-декабрда билдиришти.
Маалыматка ылайык, каталондук “Барселонанын” чабуулчусу Лионель Месси 2012/13 сезонундагы “Жылдын мыкты оюнчусу” жана “Жылдын мыкты чабуулчусу” наамдарына ээ болду. Ал эми мадриддик “Реалдын” чабуулчусу Криштиану Роналду “Жылдын эң баалуу оюнчусу” аталды.
Лионель Месси жаракатынан улам Аргентинада дарыланып жүргөнүнө байланыштуу анын сыйлыгы “Барселонанын” президенти Сандро Роселдин колуна тапшырылды.
Башка номинациялар боюнча жеңүүчүлөр төмөндө: