Бишкекте айдоочу рулга ээ боло албай аялдаманы сүзүп алган. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 20-июлга караган түнү саат 01:15 чамасында болгон. Анда Toyota Camry үлгүсүндөгү унаанын болжол менен 22-25 жаштагы айдоочусу Чыңгыз Айтматов кең көчөсү менен түндүк тарапты көздөй айдап бара жатып, рулга ээ боло албай калып, жол жээктеги аялдаманы сүзүп токтогон.
Жабыркагандар жок. Учурда унаа айып аянтчасына киргизилип, кырсыктын чоо-жайы такталууда.