Кыргызстандык эки дзюдочу Азия чемпионатында байгелүү орунга ээ болушту

Кыргызстандык дзюдочулар Азия чемпионатында бир алтын жана бир коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, чемпионатта Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Эмирхан Жолдошказиев 90 килограммдан жогорку салмакта алтын медаль, ал эми 73 килограмм салмак категорияда Нурмухаммед Бакирдинов коло байгеге ээ болду.

Спортчулар жеке машыктыруучулары Илгиз Каналбек уулу жана Бакыт Жусуповдун жетекчилиги алдында катышты.

Ошондой эле чемпионаттын алкагында Кыргызстандын улуттук дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев Азия жана Океания чөлкөмүндө дзюдо спортун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн атайын эстелик медалдар менен сыйланды.

Белгилей кетсек, мелдеш 15-22-июль күндөрү Бангкок шаарында өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан