"Oasis Кыргызстан" фонду өгөй атасы тарабынан порно бизнеске аралашкан 12 жаштагы кыздын окуясы боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу аталган фонддун жетекчиси Мээрим Осмоналиева Фейсбук баракчасына жазды.
"12 жаштагы кызды өгөй атасы порно бизнеске аралаштырган. Ал кыз катышкан видео жана сүрөттөрдү эл аралык порно сайттарга саткан.
Кыз эки жылдан ашык убакыт бою зордук-зомбулукка жана сексуалдык эксплуатацияга дуушар болгон. Бул окуя балдарга зордук-зомбулук көрсөтүү фактыларына ата-энелердин да жооптуу экенин көрсөтүп турат. Башка өлкөнүн укук коргоо органдары бул кылмышты таппаса, иш билинбей калмак", - деп жазган Осмоналиева.