Кыргызстан курама командасынын футболчусу Мирлан Мурзаев өзбек клубунда ойнойт. Бул тууралуу өзбек басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, намангандык "Навбахор" футболдук клубу оюнчу Мирлан Мурзаевдин командага кошулганын жарыялады.
Мурзаев 1990-жылы 29-мартта Кыргызстандын Баткен облусунун Сүлүктү шаарында туулган.
Улуттук курама команданын катарында 2009-жылдын март айында Непалга каршы оюнда дебют жасаган.
2007-2010-жылдары "Дордой-Динамо" клубунда ойногон. 2010-жылы кышында москвалык "Локомотив" клубуна кирип, 11 оюн өткөргөн. 2011-жылы Израилдеги "Хапоэль" клубунда ойноп, 2012-жылы өзүнүн мекенине "Дордойго" кайткан.
2018-жылдын 27-мартында Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагындагы Кыргыз-Индия беттешинде Кыргыз курамасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев мыкты оюнчу аталган.
Ал Кыргызстан улуттук курамасында 55 беттеш өткөрүп, 15 гол киргизген. Улуттук курама команданын эң мыкты бомбардири болгон.