Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов эл аралык мелдеште 100 метрге сүзүү боюнча алтын байгеге ээ болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-июлдан 26-июлга чейин Тель-Авивде (Израиль) "Маккабиада" турнири өтүүдө. Аталган турнир төрт жылда бир Израилде өтүүчү Олимпиада оюндары сыяктуу эл аралык спорттук иш-чара болуп саналат.
Мелдеш спорттун 42 түрү боюнча өткөрүлөт. Ага 60 өлкөдөн он миңден ашуун спортчу катышууда.
Белгилей кетсек, ушул эле мелдеште Денис Петрашов 200 метрге брасс стилинде сүзүүдө 1-орунду багындырган.