Лос-Анжелесте өтө турган жайкы олимпиада оюндарынын убактысы белгилүү болду

2028-жылы Лос-Анжелес шаарында (АКШ) өтө турган XXXIV жайкы Олимпиада оюндары 14-июлда башталып, 30-июлда аяктайт. Бул тууралуу Эл аралык Олимпиада комитети жарыя кылды.

Атактуу “Периштелер шаары” ушуну менен үчүнчү жолу Олимпиада оюндарын өткөрөт. Буга чейин оюндар 1932 жана 1984-жылдары өткөрүлгөн.

Ошондой эле Паралимпиада оюндары 2028-жылдын 15-августунда башталып, 27-августта аяктаары белгилүү болду.

Белгилей кетсек, Эл аралык Олимпиада комитети Орусия менен Беларуска 2026 жана 2028-жылдардагы Олимпиада оюндарын чагылдыруу укугун алуу боюнча тендерге катышууга уруксат берген эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан