“Азаттык” радиосунун спорттук баяндамачысы Кабыл Макешов “Сочи-2014” Кышкы Олимпиада оюндарын чагылдырат. Тул тууралуу Улуттук олимпиада комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Олимпиада күбөлүгүн ага Улуттук олимпиада комитетинин баш катчысы Канат Аманкулов тапшырды. Кабыл Макеш “Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасын чагылдыруу укугун алган жалгыз кыргызстандык журналист.
Эске салсак, “Сочи-2014” Кышкы Олимпиада оюндары 2014-жылы 7-февралда старт алып, 23-февралда жыйынтыкталат.
Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы Кабыл Макешов буга чейин “Атланта-1996”, “Сидней-2000”, “Афины-2004”, “Бээжин-2008, “Лондон-2012” Жайкы олимпиада оюндарын жана “Солт-Лейк-Сити-2002”, “Турин-2006” Кышкы олимпиада оюндарынын жүрүшүн чагылдырган.