Дүйшөмбү шаарында өткөрүлгөн футбол боюнча кыз-келиндер арасында CAFA Women's championship турниринде Кыргызстандын курама командасы коло байгеге ээ болду. Бул тууралуу Борбор Азия футбол ассоциациясынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 3-орун үчүн болгон беттеште Кыргызстандын курамасы Тажикстан менен таймашып, 1-0 эсебинде жеңишти камсыздай алды. Ал эми алтын байге үчүн Өзбекстан менен Иран курамалары кез келип, Өзбекстан 1:0 эсебинде жеңди.
Ошондой эле Иран курамасына мелдештин “Fair play”, Түркмөнстан командасына “Special Award” атайын сыйлыктары тапшырылды.