Теннисчи Ксения Палкина Индиядагы Эл аралык мелдеште жекеликте биринчи беттешинде утулду

Бүгүн, 3-декабрда кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Индиянын Пуна шаарында өтүп жаткан теннис боюнча Эл аралык мелдештин биринчи айлампасында жекеликте алгачкы беттешинде утулуп калды. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайты билдирет. 

Маалыматка ылайык, Ксения Палкина жекеликте грузиялык Оксана Калашникова менен беттешип, 2 сеттин жыйынтыгында жеңилүү ызасын тартты (5:7, 2:6).

Эскерте кетсек, Ксения Палкина бүгүн британиялык Жейд Виндли менен жуптукта Диана Боголий (Украина) жана Камила Керимбаева (Казакстан) жуптугуна каршы оюн өткөрөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан