Кечээ, 2-декабрь түнү Орусиянын Премьер-лигасынын 18-тур оюндарынын алкагында “Локомотив” командасы “Кубанды” утуп, мелдеш жадыбалында лидерлик сапка көтөрүлдү. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, москвалык “Локомотив” акыркы жолу мелдеш жадыбалын 2006-жылы 2-октябрда жетектеген. Андан бери 7 жыл 2 ай убакыт өткөн.