Орто-Өрүктү айылында жаш баланын денеси көлдө жатканы айтылды. Куткаруучулар таба алган жок

Ысык-Көл облусунун Орто-Өрүктү айылында көлдө жаш баланын денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшүп, куткаруучулар таба алышкан жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"25-июль күнү Орто-Өрүктү айылында жаш баланын (аты-жөнү такталууда) денеси көлдө жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 6 куткаруучу, суучулдар кызматынан 3 суучул тартылган. Саат 02:30да издөө иштери убактылуу токтотулду, натыйжа болгон жок. Бүгүн, 26-июль күнү улантылат", - деп билдиришти министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан