Кыргызстанга жасалма күбөлүк менен унаасын өткөрүүгө аракет кылган Орус жараны кармалды

Бүгүн, 26-июлда чек арадан өлкөгө мыйзамсыз өткөрүлүп жаткан унаа кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-июль күнү эртең менен “Ак-Жол-автожол” өткөрүү пунктуна Казакстандан Армения Республикасынын мамлекеттик номурлуу Тойота Альфард үлгүсүндөгү унаа келген. Унааны 1980-жылы туулган А.Б. Орус жараны башкарып келе жаткан.

Документтерди текшерүү учурунда унаанын катталгандыгы тууралуу күбөлүгү жасалма экени аныкталган. Айдоочу кармалып укук коргоо кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан