Бишкекте поезддин келе жатканын укпай, рельсте уктап жаткан адам куткарылды

Бишкекте поезддин келе жатканын укпай, рельсте уктап жаткан жаран куткарылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда темир жол тосулуп, авто унаалар поезддин өтүп кетүүсүн күтүп, токтоп турган.

Кайгуул кызматкерлери башка унаалардай эле күтүп токтоп турган учурда алыстан темир жолдо белгисиз жаран жаткандыгын байкашкан. Аңгыча катуу ылдамдык менен келе жаткан поезддин үнү угулат, кайгуул кызматкерлери өз өмүрлөрүн тобокелге салып, темир жолдо жаткан жаранды куткарып калышкан.

Аталган жаран өз сөзүндө, жанын кыюуга аракет кылбагандыгын жана мас абалында жөн гана уктап калгандыгын айтып, туруктуу жашаарга үй-жайы жок экендигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан