
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан “ТИЕНС” (“Тяньши” ат менен таанымал) фирмасынын Оштогу өкүлү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-апрель күнү милицияга Ош шаарындагы "ТИЕНС" (Тяньши) деген аталышындагы фирмадан жабыркагандыгы тууралуу арыз менен Ош шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал аталган фирмада иштеген О.Т. аттуу жаран анын ишенимине кирип, “Сиз фирмага 210 миӊ төлөп, "6 жылдыз" даражасын алсаӊыз, айына 23 миң сом айлык маяна берилет, андан сырткары 210 миӊ сом акчаӊыз дагы сиздики болот” деп алдап, жабырлануучудан 210 миң сом акчасын алып, бүгүнкү күнгѳ чейин айлык маяна чыгарып бербей же алган акчасын кайтарып бербей жүргѳндүгү аныкталган.
Натыйжада, жабырлануучуга 210 миң сом материалдык зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, шектүү катары Чүй облусунун тургуну, 1997-жылы туулган О.Т. кармалып, 26-июлда убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы бул фирмадан жабыркаган жарандар болсо, башкармалыктын тергөө кызматына арыз менен кайрылууну суранат. Маалымат үчүн телефон номери: 03222-4-82-82.