Кеминде кой уурдоого шектелип 48 жаштагы жаран кармалды

Чүй облусунун Кемин районунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, Кызыл-Октябрь айылынын Л.И. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арызында ал 2022-жылдын 23-июлуна караган түнү короосунан белгисиз адамдар бир баш коюн уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары Кемин районунун жашоочусу 1974-жылы туулган К.В. кармалган.

Уурдалган мал ээсине кайтарылып берилди. Учурда тергөө уланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан