Жалал-Абадда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 27-июлда саат 15:52 чамасында Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөө Аксы районунун Тегирмен-Сай, Товар-Сай, Жылгын, Коргон, Авлетим, Мукур, Кызыл-Капчыгай, Кашка-Суу, Аркыт айылдарында 4 балл, Ак-Дөбө, Жаңы-Жол, Кой-Таш, Кара-Жыгач, Чарбак, Жүзүмкан, Кызыл-Көл айылдарында жана Кербен шаарында 3 балл сезилген.
Ал эми Таш-Көмүр шаарында жана Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан