Волейбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Борбор Азиянын чакырык Кубогун жана Бишкек шаарынын мэринин Кубогун жеңип алды.
Төрт команда катышкан турнир 23-27-июль күндөрү Бишкекте болуп өттү. Анда финалда Кыргызстан курама командасы Түркмөнстан менен кез келип, 3:2 эсебинде жеңип алды.
Үчүнчү орун үчүн Казакстан менен Өзбекстан курама командалары кез келип, Казакстан 3:0 эсебинде жеңишке жетти.