Ошто Калашников автоматын мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ИИМдин уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого бөгөт коюу бөлүмүнүн кызматкерлери Ош шаарында Тойота Королла үлгүсүндөгү унааны тинтүү учурунда Калашников автоматы 8 огу менен табылып алынган.
"Мыйзамсыз сакталган курал Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну 1981-жылы туулган Х.Ага таандык экени аныкталган. Бул факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган жаран Бишкектеги убактылуу кармоочу жайга киргизилген", - деп жазылат маалыматта.