Чүй облусунун Байтик айыл аймагындагы Кашка-Суу айылында каналга (быстроток) түшүп кеткен 18 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул туурасында ӨКМнын маалыматында жазылат.
Маалыматка ылайык, 2004-жылы туулган А.к.С. аттуу кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Жерине 9 куткаруучу тартылган.
Саат 18:30да каналдан кыздын сөөгүн чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.