Интернетте жашы жете элек кызды унаада эки адам коркутуп, уруп жаткан видео тарады.
Окуя Ош облусунда болуп, видео социалдык тармактарга тараган. Кадрдан көрүнүп тургандай, кызды унаага болжол менен эки киши салып суракка алып андан соң ургулап жаткандарын көрүүгө болот.
Ош ОИИБнин басма сөз кызматы окуя боюнча төмөнкүлөрдү билдиришти.
"Аталган видео интернетке үч күн мурда чыккан. Үч күндөн бери Баткен жана Ош облусунун ички иштер башкармалыгы тактоо иштерин жүргүзүштү. Тактоонун жүрүшүндө видео тартып, сүйлөп жаткан жаран Ош облусунун Ноокат районунун жашоочусу экендиги, мурда үч жолу соттолгондугу аныкталды. Ал эки саат мурда кармалды. Учурда сурак берип жатат. Жашы жете элек кыздын жүргөн жерин аныктоо боюнча иштер жүрүүдө", - дешти мекемеден.