Социалдык тармактарда Чолпон-Ата шаарында бир жаранды бир нече адам ур-тепкиге алып жаткан видео тарады. Видеону бөлүшкөн баракчалардын биринде уруш жергиликтүү тургундардын ортосунда чыккандыгы жазылган.
Видеодо эки такси айдоочусу үчүнчүсүн сабап жаткандыгы айтылат.
Аталган окуя боюнча Ысык-Көл ОИИБге кайрылганыбызда, бул ишти райондук ички иштер башкармалыгы каттоого алгандыгын жана азыркы тапта видеодогу адамдардын аты-жөнүн аныктоо боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгын билдиришти.