Ыңгайлуу баадагы товарлардын дүкөнү болгон "Достор" түйүнү эми Токмокто

Кыргызстандыктардын сүйүктүү дүкөнү болуп калган "Достор" түйүнү Токмокто дагы бир дүкөнүн ачты.

"Достордун" 8-дүкөнүнүн ачылышы 29-июнда Токмок шаарынын Ибраимов көчөсү, 135 дарегинде болуп өттү. Аталган дүкөн Plaza соода борборунда жайгашкан.

Белгилей кетсек, "Достор" соода түйүндөрүнүн жаңы форматы. Анын өзгөчөлүгү сатып алуучулар үчүн эң зарыл болгон товарлардын максималдуу түрдө арзан баада жеткиликтүү болушу. Муну менен ашыкча чыгымдардын аз болушун камсыздоого абдан ыңгайлуу.

Бул жакта арзандатуулар жок. Себеби убактылуу арзандатуулардын зарылдыгы жок. Кардарлар кайсы күнү арзандатуулар болот деп күтпөйт. Себеби биздин дүкөндөр тармагында товарлардын баасы башка супермаркеттерге караганда ар дайым төмөн.

Дүкөндөр тармагы өз кардарларына акчасын эле эмес, убактысын да үнөмдөөсүнө кам көрөт. Дүкөндөр чакан жана издеген төварын тез табууга ыңгайлашкан. Соода түйүндүн ар бир сантиметри эсепке алынган. Ашыкча эч нерсе жок.

"Достор" дүкөндөр тармагынын текчесинде 1 миң 200гө жакын товар коюлган.

Дүкөндүн персоналы тажрыйбалуу кассир жана сатуучулардан түзүлгөн. Алар кардарларга издеген товарын тез табууга жана жогорку деңгээлде тейлөөгө жардам берет.

Дагы бир өзгөчөлүгүн айта кетсек, товарлардын сапатына болгон кепилдиги. "Достор" бир гана ишенимдүү товар жеткирүүчүлөр менен иштешет. Бул жактан сиз сапатынан күмөн санаган товарларды кезиктирбейсиз. Ар бир товар бардык нормаларга жана стандарттарга жооп берет. Ошондуктан сатып алуучулар биздин дүкөндөн алган товары бир гана арзан болбостон, коопсуз дагы экенине ишенсе болот.

"Достор" бул - ар дайым жогорку сапат жана ыңгайлуу баа. Буга келип өзүңүз күбө болуңуз.

Иштөө графиги: Күн сайын 09:00дөн 21:00гө чейин.

Эскерте кетсек, "Достор" дүкөнү өз кардарларын Бишкек шаарынын төмөнкү даректерден күтөт:

Калык Акиев көчөсү, 55;

Жибек Жолу проспектиси, 631;

Ауэзов көчөсү, 11/1;

Горький көчөсү, 108;

Жаш Гвардия бульвары, 74;

Новопокровка, Ленин көчөсү, 691;

Романовка, Фрунзе көчөсү, 86.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан