Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кыз дагы деле табыла элек

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кызды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн эртең менен са­ат 08:00дөн тарта нарист­ени издөө иши башталып, анда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары 3 топко бөлүнүшкөн.

Биринчи топто Балыкчы шаарынын өзгөчө кырдаалдар бө­лүмүнөн​ 4 куткаруучу тартылып, Тоң району­нун Шор-Булак айылын­ан Балыкчы шаарына чейинки аралыкта издөө иштерин жүргүзүүдө. Экинчи топко Тоң рай­ондук өзгөчө кырдаал­дар бөлүмүнөн​ 4 ку­ткаруучу тартылып, райондун Шор-Булак айылынан Бөкөнбаев айылына чейинки ара­лыкты, үчүн­чү багытта Ысык-Көл райондук ӨКБнөн 2 ку­ткаруучу тартылып, Чолпон-Ата шаарынан ​Тору-Айгыр айылына чейинки аралыкта издөө иштерин жүргү­зүп жатат.
Жалпы 10 куткаруучу, ​ 2 АСМ авто унаасы жана 3 моторлуу кайык менен издөө иштери уланууд­а.

Белгилей кетсек, 18-июль күнү Ысык-Көлдөгү Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кыз көлгө чөгүп кеткен.

Изделип жаткан 4 жаштагы кыздын атасына байланышканыбызда, издөө иштерине дрон жана ыктыярчылар тобу тез арада керек болуп жаткандыгын билдирген.

Издөө иштерине жардам берүүнү каалагандар кыздын атасына байланышса болот: Сабыр - 0705-60-37-04, 0555-99-56-26.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан