Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга 11-май күнү А.Т. аттуу жаран кайрылган. Анда ал Д. аттуу чала таанышы акчасын бир айдын ичинде төлөп берем деп убада берип, баасы 38 миң долларды түзгөн Mercеdes-Benz S-500 4MATIC үлгүсүндөгү унаасын ээлеп алып, андан кийин бул унааны үчүнчү жактарга сатып, качып кеткендигин билдирген.
Бул факты боюнча "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү катары 1959-жылы туулган М.Д. аттуу жаран кармалды.
Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо боюнча тергөө амалдары жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыр тарткандар болсо, кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0(312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0(555) 102-149, 0(502) 149-149, 0(508) 384-242 же 102.