27-июль күнү Стамбул шаарында Чемпиондор Лигасына тандап алуу оюнунун алкагында "Фенербахче" клубу өз үйүндө киевдик "Динамо" клубун кабыл алды.
Оюнда алгач эсепти украиналык команда ачты. Дал ушундан кийин "Фенербахче" клубунун күйөрмандары стадиондо "Владимир Путин" деп кыйкырышты.
Украиналык команда 2:1 эсебинде жеңишке жеткенине карабастан "Динамонун" башкы машыктыруучусу Мирча Луческу оюндан кийинки маалымат жыйынына катышуудан баш тартты.
Өз кезегинде УЕФА уюму күйөрмандардын бул жүрүм-турумун иликтей турганын жарыялады.
"Динамо" клубу кийинки баскычта австриялык “Штурм” командасы менен беттешет.