Күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Жаркынай Нурлан кызы коло медаль утту

Кыргызстандык спортчу Жаркынай Нурлан кызы 17 жашка чейинки (U17) кыздар арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болду. Бул тууралуу Бириккен күрөш уюмунун сайтына жарыяланды.

Коло үчүн беттеште Жаркынай Нурлан кызы америкалык атаандашы Сидней Перрини 7:0 эсебинде утуп алды.

Мелдеш 25-31-июль аралыгында Италиянын Рим шаарында өтүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин кадеттер арасында Дүйнө чемпионатында Мээрим Жуманазарова менен Назира Марсбек кызы коло, Айпери Медет кызы жана Калмира Билимбек кызы күмүш медаль алышкан.

17 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Кыргызстандын атынан эч ким алтын медаль ута элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан