Ысык-Көлдө куткаруучулар сууга чөгүп жаткан кызды куткарып калышты (видео)

Ысык-Көлдө сууга чөгүп жаткан өспүрүм кыз куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 28-июлда "Алия" мейманканасынын тушунда, 2006-жылы туулган Э.А. аттуу кыз көлгө чөгүп жаткандыгы тууралуу маалымат суучул-куткаруучуларга түшкөн.

Ошол учурда “Алия” эс алуу жайынын тушунда суучул-куткаруучулар бир нече күн мурун чөгүп кеткен 4 жашар кызды издеп жатышкан. Издөө ишинде жүрүшкөн 3 куткаруучу, 2 суучул көлгө чөгүп жаткан кызга өз убагында жетип, суудан аман-эсен алып чыгып, “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.

Сууга чөгүп жаткан кызды куткарып калышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан