Бишкекте милициянын тергөөчүсү пара талап кылууга шектелип кармалды

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын тергөөчүсү пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Маалыматты УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 28-июлда 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Ленин райондук ИИБинин Тергөө кызматынын тергөөчүсү Ж.Т.С. жана кылмыш издөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын капитаны Б.Т.С. кармалган.

Атайын кызмат тарабынан аныкталган боюнча тергөөчү Ж.Т.С. тергөө алдындагы текшерүү материалдарын токтоткондугу үчүн чет элдик жаран К.М.П.дан 2 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгү "Пара талап кылуу" менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан