Акыркы 6 ай ичинде 22 миң 634 кылмыш иши катталды

Акыркы 6 ай ичинде ички иштер органдары тарабынан 22 миң 634 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Бүгүн, 29-июлда өткөн ички иштер органдарынын 2022-жылдын 6 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиянын отурумунда ички иштер министринин биринчи орун басары Адыл Бийбосунов жарым жыл ичинде жалпы 22 миң 634 кылмыш иши козголгонун билдирди”, - деп айтылат маалыматта.

Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 20 миң 525ке же 47,6 пайызга аз. Башкача айтканда, 2021-жылдын биринчи 6 айында 43 миң 159 кылмыш катталган.

Ошондой эле былтыр 12 миң 428 кылмыштын бети ачылса, быйыл 14 миң 849 иштин бети ачылып, салыштырмалуу 2 миң 421 учурга же 19,5 пайызга көп ачылгандыгы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан