Жалал-Абад облусунда дайынсыз болуп жаткан 13 жаштагы Жакшыбаева Каныкей Сабыржановна Бишкек шаарынын аймагынан изделүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-июлда Ленин РИИБине И.А аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал 25-июнь күнү Жалал-Абаддагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 13 жаштагы Жакшыбаева Каныкей Сабыржанованы издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранган.
Бул факты реестрге катталып, издөө иштеринин негизинде, 26-июлда Жакшыбаева Каныкей Бишкектеги Турусбеков көчөсүндө жайгашкан мейманканада 2 күндүк жашоо акысын төлөп, 27-июль күнү саат 14:30га чейин мейманканада болуп, андан кийин чыгып кеткендиги аныкталган.
Белгилери: Бою болжол менен 150-155 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кыска, кара.
Кийген кийимдери: Ак футболка, күрөң жынсы шым, бутунда ак кроссовка, көз айнек тагынган.
Жакшыбаева Каныкейдин жүргөн жерин аныктоого жардам бере турган маалымат билгендер болсо, төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт: 0 (312) 352-605, 0 (312) 444-457, 0 (312) 352-632, 0 (553) ) 102 -880, 0 (773) 909-465, 0 (551) 088-330, 0 (701) 644-403, 0 (500) 032-000, 0 (755) 579-580 жана 102.