
Бишкектеги Мурманск жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Ага ылайык, өрт жөнүндө маалымат түнкү саат 03:45те түшкөн. Өрттүн аянты чоң болгондуктан жерине ӨКМдан жалпы 7 бөлүм, 1 суу ташуучу, штаб жана ККББдан ыкчам топ тартылган.
Мындан сырткары ИИМдин кызматкерлери, РЭТтен 1 бригада, "Тез жардам" кызматынан 1 бригада, газ чарба кызматынан 1 бригада, “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынан 2 суу ташуучу унаа тартылды.
Өрт саат 07:20да чектөөгө алынып, учурда толук түрдө өчүрүү иши жүрүүдө. Жабыркагандар жок.
Кошумча маалымат берилет.