Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылында унаанын багажына жүргүнчүлөрдү салып бара жаткан унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 29-июлда болгон. Анда 1971-жылы туулган М.А. аттуу айдоочу "Турбаза" эс алуу жайынан эс алуучуларды Дэа Лабо үлгүсүндөгү унаасынын багажына салып, кичи шаркыратманы көздөй бара жатып, унааны башкара албай ал оодарылып кеткен.
Натыйжада Сузак районунун 43 жаштагы тургуну алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болду. 6 жүргүнчү Базар-Коргон районунун аймактык ооруканасына кайрылып, биринчи медициналык жардам алышкан. Ал эми 41 жаштагы дагы бир жүргүнчү аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.