Боомдо сел жүрүп, жол каттамы эки тараптуу жабылды

Бүгүн, 30-июлда саат 11:00 чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 128-129-чакырымдарында сел жүрдү. ӨКМдан билдиришкендей, жол каттамы эки тараптуу жабык (көлөмү такталууда).

Жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө №32 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана ӨКМнын Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында нөөмөттө турган куткаруучулары тартылды. Мындан тышкары Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 5 куткаруучу, №32 Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч кошулду.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркагандар жок. Кошумча маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан