Коргоо министрлигинин аскер кызматкери баңгизатын сатуу жана колдонуу фактысы боюнча кармалды. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.
Атайын кызматтын маалыматына таянсак, Коргоо министрлигинин белгилүү аскер кызматкери бир канча убакыттан бери Бишкек шаарынын жарандарына «гашиш» баңгизатын сатуу боюнча системалуу канал уюштуруп келгени аныкталган.
Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, Коргоо министрлигинин аскер кызматкери, кенже сержант Г.В.А. кармалып, Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.