Бишкекте оордуктарды түртүп көтөрүү боюнча Кыргызстандын чемпиондугу жыйынтыкталды

Бишкекте 1-декабрда жерде жатып оордуктарды түртүп көтөрүүнүн IPF версиясы боюнча Кыргызстандын биринчи чемпиондугу өттү. Бул тууралуу КРнын пауэрлифтинг федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеште 29 катышуучу улан-кыздар 8 салмак категориясы боюнча жеңиш үчүн кармаш жүргүзүштү.

Маалыматка ылайык, кыз-келиндер арасында жеңиш ээлери Лилия Пряслова (57 килограмм салмакта), Эркайым Эсеналиева (72 килограмм) болушту.

Уландар арасында алтын медалды Максим Курганский (59 кг), Ефрем Волынин (66 кг), Иван Морозов (74 кг), Таалай Абдыкалыков (83 кг), Мыктыбек Айтикеев (93 кг) жана Виктор Шеффер (105 кг) сыяктуу спортчулар тагынышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан