Чолпон-Ата шаарындагы пляждардын биринде эки жигит мушташа кетти. Бул тууралуу видео Короче Телеграм каналына жарыяланды. Аталган видео боюнча Ысык-Көл ОИИБине байланышканыбызда, окуя кечээ болгонун билдиришти.
"Аталган окуя кечээ, 29-июлда Чолпон-Ата шаарындагы пляжда болжол менен кечки саат 19:00 чамаларында орун алган. Бул тууралуу маалымат Ысык-Көл РИИБинин 112 кызматына түшкөн.
Териштирүү учурунда Чолпон-Ата шаарынын тургундары болгон 1997-жылы туулган Э.Э. жана 1999-жылы туулган С.В. пикир келишпестиктен улам уруша кетишкени аныкталган. Экөө тең арыз жазуудан баш тартышкан.
Бул факты райондук милициянын маалыматтардын электрондук журналына катталган", - дешти милициядан.