Кечээ, 3-декабрь түнү IBF (Эл аралык бокс федерациясы) версиясы боюнча Дүйнө чемпиону япониялык Даики Камеда 52,2 килограмм салмак категориясында беттеш өткөрүп, жеңилгенине карабай чемпиондук наамын сактап калды. Бул тууралуу Эл аралык бокс федерациясынын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, япониялык мушкер венесуэлалык Либорио Солис менен беттеште упай эсебинде жеңилди. 2 калыс жеңишти Солиске ыйгарса (116:112 эсептеринде), 1 калыстын пикири боюнча Камеда жеңиш ээси болгон (115:113).
Эске салсак, 2-декабрда Солистин салмагын өлчөнүп, жыйынтыгында ал атаандашынан 1 килограммга оор болгон. Ушундан улам WBA версиясы боюнча Дүйнө чемпиону (Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясы) Либорио Солис атаандашын утса да, IBF версиясы боюнча чемпион аталуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.
Ошону менен Камеда ээлик кылган IBF версиясы боюнча чемпиондук наам мушкердин колунда калды.