Криштиану Роналду "Манчестер Юнайтед" клубунан мөөнөтүнөн мурда кетпей турганын билдирди

"Манчестер Юнайтеддин" чабуулчусу Криштиану Роналду Испаниянын "Райо Вальекано" командасы менен жолдоштук беттеште ойной турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 37 жаштагы португалиялык футболчү "Манчестер Юнайтедге" шейшемби күнү үч жумадан кийин келди. Анын англиялык клуб менен келишими 2023-жылдын жай айына чейин түзүлгөн.

Буга чейин ЖМКлар Роналду команданын Чемпиондор Лигасына катышпай калгандыгына байланыштуу "Манчестер Юнайтедден" кетүүнү каалап жатканын жазып чыгышкан. Клуб футболчу менен келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну четке какты.

Эскерте кетсек, Роналдо үй-бүлөлүк көйгөйлөрүн шылтоолоп, "Манчестер Юнайтеддин" Таиланд жана Австралиядагы сезон алдындагы турнирге катышпай калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан