Чүйдө сел суулары Toyota Sienna үлгүсүндөгү унааны агызып кетти. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты.
Маалыматта Кемин районунда 30-июлда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 135-чакырымында Toyota Sienna үлгүсүндөгү унааны сел суулары Чу дарыясына агызып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөнү айтылат.
Учурда жерине унааны издөө үчүн ӨКМнын Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында нөөмөттө турган 5 куткаруучу тартылып, унаа изделип жатат.
Кошумча маалымат берилет.