Өзбекстанга мыйзамсыз бодо мал айдап өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Жалал-Абад облусунда бодо малдарды Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз айдап өтүүгө шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-июлда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Чек ара кызматкерлери тарабынан 13 баш бодо малды Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган 1992-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны А.у.Н. кармалды.

Бүгүн, 1-августта Ала-Бука районунун Актам участкасында чек арачылар 21 баш бодо малын Өзбекстандын аймагына айдап бара жаткан жеринен Аксы районунун Кара-Дөбө айылынын 1989-жылы туулган тургуну С.К.ны кармашкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган бодо малдын жалпы баасы 3 миллион 725 миң сомду түзгөн.

Эки учурда тең тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жарандар жана бодо малдар компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан