Чолпон-Атада таксисттин ур-токмогуна кабылган жаран арыз жазуудан баш тартты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.
Буга чейин 28-июлда социалдык тармактарда Чолпон-Ата шаарында бир жаранды бир нече адам ур-тепкиге алып жаткан видео тараган.
Маалыматка ылайык, бул окуя боюнча милицияга эч ким арыз менен кайрылган эмес. Анткен менен аталган окуя Ысык-Көл РИИБнин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталган.
Териштирүүнүн жүрүшүндө аталган окуя 26-июлда болжол менен саат 03:00 чамаларында Бактуу-Долоноту айылынын аймагында орун алгандыгы жана 29 жаштагы жергиликтүү тургун А.У. Чүй облусунун Аламүдүн районунун 21 жаштагы А.М. аттуу тургунуна кол көтөргөнү аныкталган.
“Ошол күнү жабырлануучу Бостери айылына эс алууга келип, кафеде отурган. Ал кафеден чыгып, эс алуу жайына жетүү үчүн такси айдоочуларынын жанына барган жана ошол жерден айдоочулук менен алектенген А.У. аттуу таанышы менен кезигип калган. Таанышы жабырлануучудан эки ай мурун алган 12 миң сом карызды качан берерин сураган.
Ал эми жабырлануучу финансылык кыйынчылыктан улам азырынча бере албастыгын айткан. А.У. андан кымбат кафеде эс алып, бирок кандайча карызды төлөөгө келгенде мүмкүнчүлүгү болбой калганын сураганда ал оозго алгыс сөздөр менен жооп берген. Мындай жоопко кыжырланган А.У. кызуу кандуулук менен аны бир нече жолу муштап жибергенде, ал жерде турган башка такси айдоочулары аларды ажыратып коюшкан”, - деп билдиришти облустук милициядан.
Андан кийинки териштирүүдө жабырлануучу таанышы А.У.га эч кандай доосу жок экенин билдирип, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.
Учурда бул факты боюнча чечим кабыл алуу үчүн кошумча текшерүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалашты.