
Чүй районунда мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды аныктоо боюнча рейд өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.
Билдирүүдө айтылгандай, Чүй районунда жергиликтүү милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 13-июлдан 26-июлга чейин “Арсенал” аталышындагы ыкчам издөө жана алдын алуу рейди уюштурулду. Иш-чара коомдук коопсуздукту камсыздоо жана укук тартибин бузууга жол бербөө, ок атуучу куралдарды колдонуу менен кылмыш жасоону болтурбоо, мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды жана ок-дарыларды аныктап алуу максатында өткөрүлгөн.
Андан сырткары мергенчилик ок атуучу куралдар, травматикалык куралдар, ошондой эле сыйлама курак-жарактары бар жарандардын курал сактаган жайлары текшерилип, тактоо иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө ок атуучу куралдарды сактоо жана кайра каттоо эрежелерин бузган жарандарга жалпысынан 7 протокол түзүлдү.
Мындан тышкары милиция кызматкерлери тарабынан жарандарга мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды жана ок-дарыларды өз ыктыярлары менен өткөрүп берүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анын натыйжасында бир жаран 1 ок атуучу куралды өз ыктыяры менен өткөрүп берди.