Бишкектеги көп кабаттуу үйдүн 8-кабатынын терезесинен 13 жаштагы өспүрүм кулап кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Милиция кызматкерлеринин маалыматы боюнча, 30-июль күнү саат 10:30дар чамасында жашы жете элек А.Э. аттуу жаран Бишкектеги Репин көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 8-кабатынан кулап кеткен. Өспүрүм алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
Бул факты Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.