Футбол боюнча Шериктештик Кубогу-2014 мелдешинде чүчүкулак ташталды. Кыргызстандын атаандаштары - Тажикстан, Украина жана Эстония

2014-жылдын 24-январында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында КМШ өлкөлөрүнүн футбол боюнча жаштар курама командаларынын арасында салтка айланып бараткан Шериктештик Кубогу-2014 мелдеши старт алат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Кечээ, 3-декабрда аталган мелдештин тайпалык баскычы үчүн чүчүкулак ташталды. Анда КМШнын курамындагы 12 мамлекеттин жаштар курама командалары 24-январдан 2-февралга чейин орун ала турган мелдештеги атаандаштарын табышты.

1993-жылы төрөлгөндүгү тастыкталган жаш футболчулардан турган жаштар курама командаларынын ичинен Кыргызстан курама командасы “А” тайпасынан орун алды. Бул тайпада биздин футболчулар Тажикстан, Украина жана Эстония мамлекеттеринин жаштар курама командалары менен оюн өткөрүшөт.

Тайпалар:

А” тайпасы: Украина, Эстония, Тажикстан, Кыргызстан.

В” тайпасы: Орусия, Литва, Түркмөнстан, Молдова.

С” тайпасы: Беларусь, Латвия, Өзбекстан, Казакстан.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан