Мамлекеттик салык кызматы 1-сентябрга чейин транспорт салыгын төлөө зарылдыгы жөнүндө эскертет.
Муну «Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» капчыгы аркылуу онлайн жана комиссиясыз аткарууга болот. Сервис салыктын суммасын ыңгайлуу эсептеп чыгып, бир нече клик менен жана комиссиясыз дароо төлөп коюу мүмкүндүгүн берет. Болгону унаанын маалыматтары менен унаа ээсинин ИНН номерин көрсөтүү жетиштүү.
Автосалык кантип эсептелип, төлөнөт?
Кененирээк маалымат видео нускамада: https://youtu.be/zdPVM0SJ7PI.
Төлөмдүн статусун дүмүрчөктүн номери боюнча МСКнын сайтынан текшерүүгө болот.
Төлөм тууралуу электрондук чекти оңой эле сактап койсоңуз же өзүңүздүн почтаңызга же мессенжериңизге жиберип, басып чыгарып алсаңыз болот.
«О!Деньги» капчыгы салыктардын башка категорияларын да төлөө мүмкүнчүлүгүн берет:
«Мой О!» тиркемесинде унаа ээлери үчүн ыңгайлуу башка функциялар дагы бар экенин эскерте кетмекчибиз: камералардан жана колго жазылган айып пулдарды текшерүү жана төлөө, «Партнер Нефть» жана Bishkek Petroleum МКС тармагынан онлайн төлөө, унаа сатуу жана сатып алуу үчүн «О!Маркет» акысыз жарыялар сервиси жана башка көптөгөн мүмкүнчүлүктөр.
«Мой О!» тиркемесин Google Play же App Store’дон орнотуп алыңыз.
«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ №2021030817, №3022030817 лицензиялары.